Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Президент Путиндин тил саясаты жөнүндөгү пикири талкуу жаратты


Путин Йошкар-Ола шаарындагы музейде. Мари Эл жумурияты. 20.7.2017.
Путин Йошкар-Ола шаарындагы музейде. Мари Эл жумурияты. 20.7.2017.

Орус президенти Владимир Путиндин өлкөдөгү чакан этностордун тилдери тууралуу айтканы интернеттеги коомдук тармактарда мактоолорго да, кескин сынга да кабылды.

Ал 20-июлда Орусиянын курамындагы Мари Эл республикасындагы сапары маалында орус тегиндегилер чакан этностор жашаган аймактардын тилин үйрөнүүгө мажбурланып жатканын айтты:

"Кайсы бир адамды өз эне тили болбогон тилди үйрөнүүгө мажбурлоого, ошондой эле Орусиянын этностук республикаларындагы орус тилди үйрөтүү сааттарын кыскартууга болбойт", - деди Владимир Путин.

Социалдык тармактагы айрым колдонуучулар президент Путиндин бул сөзү федерализмдин принциптерине, Орусиядагы этностук топтордун өз тилдерин өнүктүрүү укугуна жана аракетине каршы келээрин айтышууда.

Айрымдары орус тегиндегилер үчүн федерациядагы башка тилдерди үйрөнүүнүн эч зарылчылыгы жок деген ойлорун билдирип жатышат. Мындай пикирди шовинисттик катары сындап, орустар өздөрү жашаган жумурияттардын түпкү калктарынын тилдерин милдеттүү өздөштүрүшү керек деп санагандар да арбын.

Мари Эл республикасындагы 700 миңдей калктын 52 пайызын фин-угор тил тобундагы мари улутунун өкүлдөрү түзүшөт. Фин-угор тил тобу самодий тобу менен биргеликте урал тил тобуна кирет. Айрым тилчилер урал тил тобу менен алтай тил тобунун эң байыркы доордогу жакын тилдерден болгонун жоромол кылышат.

Орусия Федерациясында 22 жумурият, 4 автономдук аймак (округ) жана 1 автономдук облус бар. Өлкөдө 200дөн ашуун ар кыл этностордун өкүлдөрү байырлашат.

XS
SM
MD
LG