Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Бишкек-Ош жолундагы кырсык сегиз кишинин өмүрүн алды


Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 20-июль, 2017-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 20-июль, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык 20-июлда таңкы саат 06:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында, Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында болгон.

"Хонда-Одиссей", оор жүк ташуучу "МАН" үлгүсүндөгү автоунаа жана "Хонда-Степ" машинелери кагылышкан. "Хонда-Одиссей" автоунаасындагы алты кишинин, оор жүк ташуучу машинедеги эки адамдын абалы канааттандырарлык. Ал эми "Хонда-Степ" автоунаасындагы тогуз кишинин сегизи окуя болгон жерде каза тапкан, айдоочу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Анын абалы оор. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 3800дөн көбү түрдүү жараат алды. 17-июлда Коопсуздук кеңештин жыйынында өлкөдө жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу маселеси талкууланды. (RsK)

XS
SM
MD
LG