Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:41

Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтөт


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков алдыдагы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал бүгүн КСДПнын курултайында (съезд) билдирди.

Ал өзү мүчө болгон бул партиянын ичинде эч кандай бөлүнүп-жарылуу жок экендигин, тек гана КСДПдан бир талапкерге көбүрөөк болоорун, бул - демократиянын белгиси экенин айтты.

Турсунбеков ошондой эле партиянын ичинде өзгөрүү болушу керектигин, ага башка күчтөр да көз салып турганын, кызмат үчүн мүчө болуу туура эмес экенин кошумчалады. Ал КСДПга кирген 6 жыл ичинде көп иштер чогуу аткарылганын белгиледи.

КСДПнын курултайынан. Бишкек. 15.07.2017.
КСДПнын курултайынан. Бишкек. 15.07.2017.

Залда отургандардын айрымдары Ч.Турсунбековдун сөзүн бөлүүгө бир нече жолу аракет жасаганда, ал партиянын чечимине каршы чыккандар болбошу керек деген талап коюлганын түшүнөөрүн айтты.

Бүгүн КСДП партиясы Бишкекте кезектеги курултайын өткөрүүдө. Күн тартибине партиянын соңку жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып көрсөтүү маселелери коюлган. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG