Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Мамдума Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзам кабыл алды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамды жыйынга катышкан 363 орус депутаты бир добуштан колдогон.

Анын алкагында кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа башкарууга уруксат берилет.

Орусияда 1-июндан баштап башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салган эреже кирген. Ага бул өлкөдө эмгектенген кыргыз жарандары тынчсыздануусун билдирген эле.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвадагы мамлекеттик сапары учурунда айдоочулук күбөлүк боюнча маселени Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогонун, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин маалымдаган.

Мындан соң Орусиянын Мамдумасы мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент Владимир Путинге кайрылып, ал мындай демилгени колдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG