Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Нарымбаев: Сот реформасын жүргүзө албай калганыма өкүнөм


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Мындай пикирин Кыргызстандын президентинин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 13-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Мен эми гана көп нерсени түшүндүм, көрсө биздин адвокаттардын укугу сотто тебеленет экен", – деди Нарымбаев.

Ал сот реформасын жүргүзүү тармагында келечекте иштегенге даяр экенин айтып, азыркы абалга өкүнүп турганын кошумчалады.

- Бизде жакшы мыйзамдар кабыл алынса дагы аларды аткарууга келгенде башкача жолдор ачылып, бузулуп кетип жатат. Мен өз убагында сот реформасына “кабинеттик” көз карашта болуп калганыма өкүнөм. Азыр эми гана көп нерсени түшүнүп жатам. Ушулардын бардыгын кайрадан ойлонуп, туура жолго салып, адвокаттардын укугун теңме-тең кылышыбыз керек экен.

Данияр Нарымбаев бүгүн өлкөнүн борбор шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда өткөн Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берди. Ал 2015-жылга чейин президенттик аппаратты жетектеп, сот реформасы боюнча кеңеште төрагалык кылып келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG