Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын жаштар канаты партиядан президенттикке талапкерди праймериз жолу менен тандоону сунуштады.
Мындай сунуш менен партиянын жаштар канатынын төрагасы Ренат Самудинов баштаган активисттер чыкты. Самудиновдун айтымында, учурда КСДПнын саясий кеңеши учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырса, партиянын айрым мүчөлөрү Сагынбек Абдрахмановду колдоп жатат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да шайлоого катышуу ниетин билдирүүдө. Буга байланыштуу жаш активисттер талапкерлердин ичинен праймериз аркылуу татыктуусун тандоону сунуштоодо.
Буга чейин КСДПнын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековду көрсөтөрүн жарыялаган. 15-июлда партиянын курултайы аны бекитери күтүлүүдө. Партия жетекчилиги Жээнбеков жалгыз талапкер болорун айтып келет.