Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Гамбург: “Чоң жыйырмага" каршы акцияда полиция менен кагылышуу болду


Гамбургдагы каршылык акциясы. 5-июль, 2017-жыл.
Гамбургдагы каршылык акциясы. 5-июль, 2017-жыл.

Германиянын Гамбург шаарынын полициясы калаада “Чоң жыйырма” тобунун саммитин өткөрүүгө каршы активисттерди кууп-таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана суу тапанча колдонушту. Би-Би-Си кабарлагандай, миңдей демонстрант беткап жана кара капюшондорду кийип полицияга таш, петарда жана бөтөлкө ыргыткан.

Полиция Твиттерде саммитке каршы он эки миң адамдын катышуусунда өтөрү пландалып жаткан жапырт акция болбой турганын уюштуруучуларга шилтеме берип жазды.

Кечээ Гамбургда "1000 фигура" акциясы өткөн, миңдей адам алгач окшош боз костюм кийип чыгып, кийин аны чечип ар кандай түстөгү кийимдерин көрсөткөн. Муну пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн белгиси катары мүнөздөшкөн.

Климат боюнча “Париж” келишими башкы тема катары карала турган “Чоң жыйырма” тобунун эки күндүк саммити Гамбургда бүгүн башталат. АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия президенти Владимир Путин менен биринчи жолугушуусу да ушу күнгө белгиленген.

XS
SM
MD
LG