Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдиргендей, быйыл Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку окуу жайларга тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 54,9% 110 баллдык босого чектен өттү.
Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 5% жогору. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүч 236 балл болгон.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы Кыргызстан боюнча 62 миң бүтүрүүчү 11-классты, 92 миң бүтүрүүчү 9-классты аяктады. (NT)