Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Кытай менен Орусия лидерлери жолугушту


Си Цзиньпин менен Владимир Путин
Си Цзиньпин менен Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин Москвада жолугушту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында табият ресурстары, энергетика, транспорт, айыл чарба жана маданият тармагы боюнча келишимдерге кол коюлду.

Анын ичинде Орусиянын түз инвестициялар фонду менен Кытай өнүктүрүү банкы орток долбоорлорду каржылай турган фонд түзүүнү макулдашты. Анын инвестициялык мүмкүнчүлүгү 10 млрд долларга чейин деп айтылат. Ошол эле маалда 4-июлда күн тартибине чыккан Түндүк Корея маселеси тууралуу да сөз болду.

- Кореяны жөнгө салуу боюнча Орусиянын этаптуу планына жана Кытайдын идеясына негизделген Түндүк Кореянын ракета-ядролук ишмердиги менен АКШ жана Түштүк Кореянын ири аскер машыгууларын параллель токтотуу боюнча жалпы демилгебизди алга сүрөөнү макулдаштык, - деди Путин.

Ал Корей жарым аралындагы көйгөйлөрдү чечүүнү тышкы саясаттагы артыкчылык деп атады.

XS
SM
MD
LG