Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Текебаевдин сотунда MegaCom башчысы көрсөтмө берүүдө


Текебаевдин сотунда бүгүн "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов көрсөтмө берип, 2010-жылдын апрель айынан кийин аны менен эки жолу жолукканын айтты. Ал жолугушууларда "Текебаев компания тууралуу жалпы маалымат менен таанышкан" дейт.

Кийин Модин менен да жолукканын айтып, бирок Текебаев андан акча алганы тууралуу маалыматты башка бирөөлөрдөн гана укканын айтты.

Базаркулов мурунку берген көрсөтмөсүндө компаниянын акцияларына кожоюндук кылууга эки топ кызыкдар болгонун, алардын бири башында Модин турган орусиялыктар экенин жазган.

Текебаев Базаркуловдон ал компаниянын биринчи орун басарлыгынан башкы директорлукка дайындалып жатканда өкмөттүн кайсы мүчөсү же мүчөлөрү менен маектешкенин сурады. Бирок Базаркулов маектешүүдөн өткөнүн гана айтып, бул суроо коммерциялык сыр деп ага жооп берүүдөн баш тартты.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орусиялык жарандар Леонид Маевский жана Алексей Модинден "Альфа Телекомго" байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деген шек менен кылмыш иш козгогон. Аны азыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Текебаев жана бул ишке тиешеси бар деп кармалган экс-министр Дүйшөнкул Чотонов төрт айдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

Соттолуучу тарап Башкы прокуратуранын бул айыптоосун курулай жалаа жана бийликтин саясий куугунтугу деп атап келатышат. (KR/RK)

XS
SM
MD
LG