Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Руснак: Донбасс чыгымы 50 млрд долларга жетти


Донбасс
Донбасс

Донбасстагы башталганына үч жылдан ашкан согуштун каржылык чыгымы 50 млрд долларга жетти. Бул тууралуу украин коргоо министринин биринчи орун басары Иван Руснакка таянып "Украина улуттук жаңылыктары" агенттиги кабарлады.

Министрдин айтымында, уруш болуп аткан Украина чыгышында энергетикалык, транспорттук, социалдык жана инфраструктуралык объектилер талкаланган. Адамдар жумуштарынан айрылган.

Мурдараак коргоо министрлиги Донбасста 2700 украин аскери өлүп, 10 миңи жарадар болгонун билдирген. Улуттар Уюмунун эсебинде жаңжалда эки тараптан жалпысынан 10 миңден ашуун адам өлгөн.

Батыш жана Украина Донбасста өкмөткө каршы согушуп аткан жикчилдерди колдойт деп Москваны айыптап келет. Кремль аны четке кагат.

XS
SM
MD
LG