Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Дүйшөбаеванын өлүмү: Саляновдун жакындары ал качып кетпегенин айтууда


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

Калыйбек Элтуйбасов (Салянов) чет өлкөгө качып кеткен эмес. Бул тууралуу Саляновдун адвокаты Улан Жумаков бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, милиция бул ишти Аида Саляновага байланыштырып, саясатташтыруу аракети көрүлүп жатат.

- Менин билишимче, өлүм боюнча кылмыш иштер минтип ачылбайт. Бул иш боюнча адвокаттарга берилбеген маалыматты тергөө жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарып, өз кызыкчылыгына жараша колдонуп жатат, - деди Улан Жумаков.

Ошондой эле Жумаков Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир катар жагдайлар бар экенин, студент кыз Элтуйбасов менен жолуккан соң үйүнө келип түнөгөнүн кошумчалады. Дүйшөбаеванын сөөгү алты күн өтүп табылганын, ушул алты күн ичинде кимдер менен жолукканына көңүл бурулбай жатканына токтолду.

Адвокаттын айтымында, "Дүйшөбаева Элтуйбасов менен жолугары менен дайынсыз жоголду дегендей ой калтырып жатат. Тергөө толук териштирбей туруп туура эмес маалымат таратып жатат".

Калыйбек Элтуйбасовдун агасы Карыбек Салянов да бул ишти Аида Саляновага байланыштырып, ага каралоо аракети жүрүп жатат деген оюн айтты.

Улан Жумаков Калыйбек Элтуйбасов менен Камила Дүйшөбаева жолукту деген саунанын ээси белгисиз жакка кеткенин, ал бир катар көрсөтмө бериши мүмкүн болчу деген пикирин айтты.

Ошондой эле Элтуйбасовдун өлкөдөн чыгууга чектөөсү болбогонун, муну тастыктаган ИИМдин аныктамасы бар экенин билдирди.

Ал эми Элтуйбасовдун туугандары ал иштери менен былтыр декабрдан бери чет өлкөдө экенин билдирип, студент кызды өлтүргөн кылмышкерлерди Кудай урсун деп Куран кармашты.

2014-жылы жазында Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы студент кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш козголгон.

Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев каргашалуу окуяга чейин анын кызы менен байланышып, тергөөгө көрсөтмө бергендердин арасында мурдагы баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов бар экенин айтып чыккан.

Кечээ ИИМ ал Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар экенин жана анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими кабыл алынганын, издөө жарыяланганын маалымдады.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн аптада 1962-жылы туулган Калыбек Элтуйбасовго (Салянов) Кылмыш кодексинин 318-1-беренесинин (тергөөгө каршылык көрсөтүү) негизинде сыртынан айып тагылган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG