Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Президент болууну көздөгөн үч жаран БШКга арыз берди


БШК маалымдагандай, 3-июлда Кыргызстандын дагы үч жаранынан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен алдыдагы президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз түштү.

Алар: 62 жаштагы пенсионер Замира Муратбекова, 42 жаштагы убактылуу иштебеген Санжарбек Энназаров, ошондой эле «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун 56 жаштагы төрагасы Сагынбек Абдрахманов.

Ушуну менен 15-октябрда өтчү президенттик жарышка аттануу ниети менен Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 15ке жетти. Анын он үчү өзүн өзү көрсөтүү жолу менен арыз жазышкан, экөө саясий партиялардан талапкер катары көрсөтүлгөн.

Буга чейин эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидиновдун арыздары кабыл алынган. Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG