Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

Салянованын сотунда аны актаган көрсөтмө берилди


Аида Салянова Алексей Елисеевдин лицензиясын узартпай койсо бул мыйзам бузуу болмок. Мындай көрсөтмөсүн бүгүн сотто Елисеевдин адвокаты Артем Иванов бергенин "Азаттыкка" Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди:

- Лицензияны узартпай койсо ошол мыйзамга каршы келмек, биз ошону күтүп жатканбыз дейт. Эгер узартпай койсо биз эл аралык уюмдарга арызданалы деп даярданып жатканбыз, лицензияны колубузга карматып коюшту, аны кайра кайтармак белек дейт.

Жогорку Кеңеш депутаты Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту териштирүүдө.

Сот отуруму 7-июлда уланат. (RK)

XS
SM
MD
LG