Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:47

Мосул тургундары жоочуларга "калканч" болуп жатат


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жоочулары Мосулдун жүз миңден ашуун тургунун "тирүүлөй калкан" кылып кармап турат.

Жоочулар Ирактын өкмөттүк аскерлери жана АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрүнө каршы туруу үчүн жай тургундарды өздөрүнө калканч кылууда. БУУнун качкындар комиссариатынын өкүлү Бруно Геддо Рейтер агенттигине билдиргендей, "жихадчылардын" мергендери шаардан чыгып кетүүнү каалаган адамдарды аткылап жатат. Геддонун сөзү боюнча, экстремисттер көзөмөлдөгөн аймактарда азык-түлүк, суу жетишпейт. Электр энергиясы жана отун жок.

Ирактын жана АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча, Мосулда миңге чамалуу жоочу калды.

Шаардан ИМ тобунун жоочуларын кууп чыгуу боюнча аскерий операция өткөн жылы октябрда башталган. Бул аралыкта аймактагы 850 миңден ашуун тургун үй-жайын таштап, чыгып кеткен. Кийинчерээк 200гө чамалуу үй-бүлө Мосулдун жоочулардан тазаланган чыгыш бөлүгүнө кайтып келишкен.

XS
SM
MD
LG