Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Трамп Куба саясатын катаалдаштырат


Куба
Куба

АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктардын Кубага баруу тартибин өзгөртөт жана аскерлер көзөмөлдөгөн кубалык компаниялар менен кызматташтыкты чектейт.

Бул утуралуу Рейтер агенттиги өз булактарына таянып маалымдады. Президент өз чечимин Майамиде расмий жарыялайт деп күтүлүп жатат. Трамп Гавана буга чейинки президент Барак Обаманын тушунда жетишилген эки өлкөнүн өз ара мамилелерин турукташтыруу келишиминин шарттарын Вашингтон үчүн жакшыртууга тийиш же болбосо аны үзөрүн айтып келген.

АКШ жарандары мурдагыдай эле Кубага эркин каттай алат, бирок эми туристтик агенттиктер аркылуу гана барууга тийиш. Ошондой эле кубалык аскерлерге тикелей төлөмдөргө тыюу салынмакчы. Ал эми аралдагы көпчүлүк мейманканалар менен турагенттиктер Куба армиясына таандык болгондуктан, кырдаал кыйындашы мүмкүн.

Обама Куба менен жакындашуу багытын 2014-жылы жарыялаган. Кийинчирээк Гаванага тарыхый визит жасап, 90 жылдан бери аралга барган алгачкы америкалык президент болуп калган. 2015-жылы тараптар дипломатиялык алакаларды калыбына келтирген.

XS
SM
MD
LG