Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Уюшкан кылмыш топторго жаза катаалдашты


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Анда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, бирок кайра кылмыш жасагандарга жана уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүнө жаза күчөтүлгөн.

Өзгөртүүлөргө ылайык, мындай адамдарды сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошото албайт. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 4-майда кабыл алган жана расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда 31 жабык жай бар.

ИИМдин маалыматы боюнча соңку он жылда уюшкан кылмыш топторго байланыштуу 14 гана иш козголуп, 11и сотко жеткен. Болгону үч адам жоопко тартылган. Бул жылдар аралыгында кылмыш топторунун өз ара ички тиреши, жаңжалдарына байланыштуу киши өлтүрүү жана адам өмүрүнө кол салуу боюнча 80ден ашык факт катталган. (NT)

XS
SM
MD
LG