Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ЮНИСЕФ: балдардын 60 пайыздан ашууну ата мээримине муктаж


 Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда үч-төрт жаштагы балдардын 60 пайыздан ашыгына ата мээрими жетишпейт. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы иликтөөсүндө айтылат. Уюмдун Кыргызстандагы жетекчиси Юкиэ Мокуонун айтымында, мындай көрсөткүч аталар балдарды наристе кезинен тарбиялоого, алар менен ойноого көңүл бурушу керектигин айгинеледи. Ошондой эле аталардын балдарга көңүл бурушуна шарт түзүү керектигин айтат Юкиэ Мокуо:

- Биз аталарга балдары үчүн мээрим толгон чөйрө түзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген бардык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек. Бардык ата-эненин балдарды өнүктүрүүдө убактысы жана билими болушуна шарт түзүү зарыл.

Балдардын өнүгүүсүндө аталардын ролу маанилүү экенин коомчулукка жеткирүү максатында ЮНИСЕФ уюму 12-июндан 18-июнга чейин "Супер ата" өнөктүгүн уюштурган. 18-июнда дүйнөдөгү 90дон ашуун өлкөдө "Аталар күнү" белгиленет. Аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө шыктандырып, аларды колдоп, дем берүү максатында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Facebook, Instagram жана Twitter өңдүү социалдык тармактарда #СуперАта #Алгачкы Күндөрдөн Баштап деген хэштег менен сүрөттөрдү жана тасмаларды жарыялоону сунуштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG