Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

АКШда атайын прокурор Трамптын аракетин териштирүүдө


Атайын прокурор Роберт Мюллер
Атайын прокурор Роберт Мюллер

АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын Орусия боюнча иликтөөгө бут тосууга аракеттенгенби деген маселени териштирүүдө. Бул тууралуу "Вашингтон пост" гезити 14-июндагы санында жазды. Басылманын атын атабаган булакка таянып жазганына караганда, сот системасына таасир этүү аракети боюнча териштирүү Трамп ФБРдин мурдагы директору Жэймс Комини кызматтан алгандан кийин башталган. АКШда мындай аракет кылмыш болуп саналат.

Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө бир жыл мурун башталган эле. Өткөн жумада Сенаттын комитетинде көрсөтмө берген Коми президент аны ошо тергөөнүн жүрүшүнө ичи чыкпагандыгы үчүн иштен алганын айткан.

"Мен Орусия иликтөөсүнө байланыштуу эле иштен алынгам деп ойлойм", - деген ФБРдин мурдагы директору. Гезит жазгандай, Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Москва менен байланыштарын иликтөөнү токтотуу өтүнүчү да териштирилүүдө.

Президенттин юридикалык маселелер боюнча маалымат катчысы "Вашингтон посттун" ФБРдин маалыматтарын ачыкка чыгарышын айыптап, мыйзамсыз аракет деп атады.

XS
SM
MD
LG