Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

АКШ "Чоң жетинин" климат боюнча убадасына кол коюудан баш тартты


"Чоң жетиге" кирген өлкөлөр АКШ климат боюнча Париж келишиминен чыгарын жарыялагандан бери министрлер деңгээлиндеги алгачкы жыйынын биргелешкен билдирүү менен аяктады.

Вашингтон ал билдирүүнүн Париж келишими боюнча милдеттенмелерди кайрадан ырастаган бөлүгүнө кошулбасын айтып, бирок булганыч газдарды кыскартуу боюнча өз чараларын көрүүнү убада кылды.

АКШны билдирүүгө кошумчасында өлкө “эл аралык өнөктөштөр менен күчтүү экономиканы жана таза айлана-чөйрөнү да сактаган ички приоритеттерине шайкеш келгидей карым-катышта болот”, - деп көргөзүлөт.

"Чоң жетинин" башка өлкөлөрүнүн министрлери Италиянын Болонья шаарындагы кеңешмеде 2015-жылкы Париж келишимин ыкчам жана эффективдүү аткаруу боюнча бекем милдеттенмелерин кайрадан ырасташты жана келишимдин өзүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн глобалдык аспабы катары мүнөздөштү.

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыгарын ушул айдын башында жарыялаган. Ал Вашингтон шарттары кыйла ыңгайлуу болсо келишимге кайра кошула аларын да белгилеген. Бирок Италия, Франция, Германия бийликтери Париж келишими кайра сүйлөшүлбөй турганын дароо эле билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG