Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Индия жана Пакистан ШКУнун мүчөлүгүнө өткөнү турат


ШКУнун Ташкенттеги саммити. 24-июнь, 2016-жыл.
ШКУнун Ташкенттеги саммити. 24-июнь, 2016-жыл.

Индия жана Пакистан Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөлүгүнө бүгүн Астанда башталып жаткан эки күндүк самиттин учурунда кабыл алынары күтүлүүдө.

ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов Индия менен Пакистандын уюмга кошулуусу анын “потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн кыйла күчөтөт” деп ырастады.

Ал самиттин конок ээси - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев самиттин Индия менен Пакистан мүчөлүккө алынуучу жыйынын “тарыхый” деп мүнөздөдү.

Назарбаев бүгүн Астанада кытай президенти Си Цзиньпин менен жолукту.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун билдиргенине караганда, Астана саммитинде ШКУнун экстремизмге каршы күрөшүү конвенциясы кабыл алынат.

ШКУда байкоочу макамында турган Индия менен Пакистанга мүчөлүктү берүү маселеси уюмдун 2015-жылдагы саммитинде жактырылган. Алардан кийин байкоочу макамында Ооганстан, Беларус, Иран, Монголия калат. (UE)

XS
SM
MD
LG