Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Түндүк Корея кайрадан бир нече ракета атты


Түштүк Кореялыктар Түндүк Кореянын ракеталык сыноосу тууралуу жаңылыкты угушууда. Сеул, 8-июнь, 2017-жыл.
Түштүк Кореялыктар Түндүк Кореянын ракеталык сыноосу тууралуу жаңылыкты угушууда. Сеул, 8-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу коңшу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги билдирүүдө. Алардын баамында, Түндүк Корея бүгүн эртең менен “жер-кеме” тибиндеги кыска аралыкка учуучу ракеталарынын бир нечесин аткандай.

Деңиз жээгиндеги Вонсан шаарынан атылган ракеталар 200 чакырымдай учуп барып кулаган.

Бул БУУнун Коопсуздук кеңешинин эскертүүлөрүнө, АКШнын ыктымал аскерий чара менен коркутуусуна карабай Түндүк Кореянын акыркы беш аптага жетпеген убакыт ичинде эле төртүнчү ракеталык сыноосу болду.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада эле Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасына тиешеси бар төрт мекеме-ишканасына, 14 расмий адамына каршы санкцияларды бир добуштан жактырган.

Пхеньяндагы бийликтер Коопсуздук кеңешинин чечимин “кастык аракет” деп сынга алган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG