Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Роухани: кол салуу Ирандын террорго каршы чечкиндүүлүгүн күчөтөт


Коопсуздук күчтөрү кол салуу жасалган аймакта. 7-июнь, 2017-жыл.
Коопсуздук күчтөрү кол салуу жасалган аймакта. 7-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Ирандын президенти Хассан Роухани Тегеранда шаршемби күнкү кол салуулардан кийин тараткан билдирүүдө айтылат.

"Тегерандагы бүгүнкү террордук чабуул Иранды аймактык терроризмге, экстремизмге жана кыянатчылыктарга каршы күрөштө кыйла чечкиндүү кылат”,- деди Роухани.

Шаршемби күнү түшкө чейин эки жерде : аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде жана парламент имаратында болгон кол салуулардан, бийликтердин айтымында 12 кишинин өмүрү кыйылды, 43 адам жаракат алды.

Өлгөндөрдүн санына кол салгандар кирген-кирбегени анык эмес.

АКШ баштаган бир топ өлкөлөр кол салууну айыпташты.

Кол салуу үчүн болсо “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер болду жана бул сунниттердин согушкер уюмунун шийиттер үстөмдүк кылган Иранда кол салуу жасаганын алгачкы ирет айтышы.

Бирок Ирандын элиталык аскер бөлүгү – Революциялык гвардиясы кол салуунун артында турду деп АКШ менен Сауд Аравияны айыптап чыкты.

Бул гвардиянын чалгын боюнча жетекчилеринин бири Мохаммад Хусейн Нежаттын билдиргенине караганда, парламент имараты ичинде кол салгандар 20-25 жаштагы жигиттер болгон. Парламент имаратында кол салгандардын төртөө жок кылынганы кабарланды.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Калашников автоматы менен куралдангандар парламент имаратына негизги эшиктен аялдын кийими менен киришкен.

Тегерандагы окуя Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн жана Египет Катар өлкөсү менен дипломатиялык мамилесин жана башка байланыштарын үзүп, расмий Доханы Иранды жана согушчан топторду колдойт деп айыптаган учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG