Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

АКШда Париж келишиминин аткарылышын колдогон топ түзүлдү


Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Майкл Блумберг
Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Майкл Блумберг

5-июнда Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Майкл Блумберг миңден ашуун губернатолор, мэрлер жана бизнес өкүлдөрү өткөн аптада президент Дональд Трамп четке каккан климатты сактоо боюнча Париж келишиминин максаттарын ишке ашырууга макулдашканын билдирди.
Улуттар Уюмунун баш катчысынын шаарлар жана климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын чабарманы Блумберг "Биз дагы эле арасындабыз" деген декларацияны Улуттар Уюмуна тапшырып, ал жергиликтүү бийликтер жана бейөкмөт уюмдар менен өндүрүштөн чыккан булганыч газдарды азайтуунун үстүндө иштеше берерин айтты.

"Бүгүн АКШдагы шаарлардын, штаттардын, бизнес жана башка уюмдардын атынан Улуттар Уюмуна жана глобалдык коомчулукка америкалыктар 2015-жылы Парижде өзүбүзгө алган милдеттенмеге ылайык уулуу газдарды азайтуунун үстүндө иштей берерибизди билдиргим келет" деп айтты Блумберг.

Жаңы демилгеге демократиялык жана республикачыл 13 штаттын губернаторлору, 19 штаттын башкы прокурорлору, 200 шаарлардын мэри жана Apple, Amazon, Google, Facebook, Microsoft, Levi Strauss жана Tiffany сыяктуу көптөгөн ишканалар кол коюшкан. Бул топ Трамптын администрациясынын Париж келишимин четке какканын "олуттуу ката" деп баалашты.

XS
SM
MD
LG