Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ашхабадда айрым жарандарга чет өлкөгө чыгууга уруксат берилбей жатат


Өткөн дем алыш күндөрү Ашхабад аэропортунда бир нече жүргүнчүнүн Дубай менен Стамбулга учуусуна уруксат берилген жок.

Өлкөдөн учуп кете албаган түркмөн жарандарынын бири жүргүнчүлөрдүн бардыгында жумушчу жана туристтик визалар болгонун айтты:

«Бизден эмнеге бара жатканыбызды сурашты. Мен досум менен унаага тетик алуу үчүн баратканымды айттым. Алар болсо «эс алууга эмес, иштөө үчүн баратсаңар жалган маалымат бергениңер үчүн эки жылга камаласыңар» дешти».

Айтымында, андан бери аны коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бир канча жолу суракка чакырышкан. Эгер өлкөдөн чыгууга уруксат берилбесе, ал арыз менен прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатат.

Маалыматтарга караганда, өлкө аймактарында жашаган жарандар виза алуу үчүн дайыма борборго келүүгө аргасыз, өз кезегинде бул кошумча убакытты жана материалдык чыгымды талап кылат.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы бир нече ай ичинде Түркмөнстандын жарандары биометрикалык паспортторду жана чет элдик визаларды алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Жергиликтүү байкоочулар мындай чектөөлөрдү Азиада-2017нин алдында ички жана сырткы миграцияны көзөмөлдөөнүн күчөтүлүшү менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG