Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Манчестердеги кайрымдуулук концертинде 13 млн фунт акча чогулду


Бул тууралуу Британиядагы Кызыл чырым коому маалымдады. Кайрымдуулук концерти 22 кишинин өмүрүн алып кеткен жардыруудан эки жумадан кийин өткөрүлдү.

Британиялык One Love тобунун концерти Манчестер аренада 4-июнь күнү өттү. Ага 50 миңден ашуун киши келди. Концертте америкалык ырчы Ариана Гранде да катышып, ырдады.

22-май күнү Манчестер аренада америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концерти аяктаган учурда 22 жаштагы жанкечтинин жардыруусунан 22 киши набыт болгон. 116 адам жарадар болгон. Жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган. Ырчы Арина Гранде бул окуядан кийин Европадагы концерттик турнесин токтоткон.

XS
SM
MD
LG