Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимдин талаптарын сактоодо


Ирандын Арак өзөктүк жайы. 2012-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын Арак өзөктүк жайы. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ акыркы баяндамасында Иран ал дүйнө державалары менен 2015-жылы түзгөн келишимдин талаптарын сактап жатканын көргөзгөнүн Батыш маалымат агенттиктери 2-июнда билдиришти.

МАГАТЭнин эсебинде, Ирандын аз байытылган уран боюнча кору да ошол келишим уруксат берген чекке шайкеш келет.

Аз байытылган уран тынчтык максатта колдонулат. Бирок жогорку деңгээлде байытылса, өзөктүк курал жасоо үчүн колдонууга жарайт.

Иран АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия менен түзгөн келишимге ылайык өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп Иран менен мурдагы администрациянын учурунда түзүлгөн келишимди утур-утур сындап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG