Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Жалал-Абадда сабантуй майрамы белгиленди


Жалал-Абадда Кыргызстандагы татар-башкыр диаспорасынын сабатуй майрамы белгиленди, 23-май, 2017
Жалал-Абадда Кыргызстандагы татар-башкыр диаспорасынын сабатуй майрамы белгиленди, 23-май, 2017

Жалал-Абадда Кыргызстандагы татар-башкыр диаспорасынын сабантуй майрамы белгиленди.

Шаардын Токтогул эс алуу багында татар, өзбек жана башка улуттун элүүдөй өкүлүнүн катышуусунда сабантуй майрамы уюштурулду. Иш- чарада татар-башкыр элдеринин улуттук каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлүп, президенттин куттуктоосу окулду. Иш-чараны татар элинин маданий борбору уюштурган. Анын жүрүшүндө Татарстандан келген ырчылар да обон созду.

Сабантуй татарларда кыш бүткөндөн кийин июнь айында майрамдалат. Кыргызстанда бул майрам 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG