Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Трамп экстремизмдин тамырын кыркууга чакырды


Дональд Трамп Араб-Америка саммитинде сүйлөөдө. Эр Рияд, 21-май, 2017-жыл.
Дональд Трамп Араб-Америка саммитинде сүйлөөдө. Эр Рияд, 21-май, 2017-жыл.

АКШ президенти мындай чакырыкты Эр- Риядда, Араб - Америка саммитинде сүйлөгөн учурунда жасады.

Ал ондогон мусулман өлкөлөрүнүн саммитке чогулган лидерлерине кайрылган учурунда Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен "мамлекеттердин коалициясын" куроого үндөдү.

АКШ президенти убада кылгандай, алар “өз жашоо образын башкаларга таңуулабайт, бирок ишеним жана кызматташтык духунда башкаларга кол сунмакчы".

“Бул - түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыйууга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул- жамандык менен жакшылыктын” ортосундагы күрөш”,- деди Трамп.

Дональд Трамп АКШ президенти катары алгачкы чет элдик сапарынын алкагында Сауд Арабияга ишемби күнү келген. Араб - Америка саммити визиттин экинчи күнүндө өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG