Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Трамп-Орусия байланышын атайын прокурор иликтейт


ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллер.
ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллер.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын администрациясынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөө үчүн атайын прокурор кылып Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди дайындады.

АКШнын баш прокурорунун орун басары Род Розенштайн иликтөөгө байкоо салуу үчүн сырттан көз карандысыз эксперт керектигин айтты.

16-майда америкалык медиа президент Дональд Трамп коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланышын иликтөөнү токтотууну ФБРдин башчысынан суранганын жазган.

Өткөн аптада чукул кызматтан алынган ФБРдин башчысы Коми февралда Флинн кызматтан четтетилгендин эртеси Ак үйдө президент менен түштөнгөн. Коми президенттин Флинндин ишин иликтөөнү токтотуу тууралуу айтканын кагазга жазып алганын "Нью-Йорк Таймс" гезити, Рейтер, Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиктери кабарлады. Медиа агенттиктердин булактары ал кагазды көрүшкөнүн жана жарым- жартылай окуп да калышканын айтып беришкен.

Ак үй болсо маалымат чыгаары менен Трамп Комиден иликтөөнү токтотууну суранганын жокко чыгарды. Конгресстин үч комитети Жеймс Коми өзү көрсөтмө берүүсүн талап кылышты. Роберт Мюллер ФБРди 2001-2013-жылдары жетектеген.

XS
SM
MD
LG