Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулду


Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши бүгүн Бишкекте жыйын курууда. Кечки саат жетиге жакын башталган жыйын партиянын башкы штабы жайгашкан "Медиа Форум" имаратында жабык өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков чогулушта көтөрүлчү маселе алдын ала ачык айтылбай турганын "Азаттык" радиосуна билдирген. Бирок расмий бышыктала элек маалыматтарга ылайык, партиядан президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлүшү ыктымал.

Спикер 16-майда Sputnik радиосуна берген маегинде КСДПдан президенттикке ат салышууга татыктуулар көп экенин, алардын бири өзү болушу мүмкүндүгүн айткан.

Коомчулукта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкер болору тууралуу да аңыз кеп айтылып жүрөт. Бирок аны партия бышыктай да, төгүндөй да элек.

Партиянын саясий кеңешинде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган 36 мүчөсү бар. (SE)

XS
SM
MD
LG