Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Жогорку Сот “Мегаком” боюнча ишти карады


Жогорку Сот 13-майда “Альфа Телеком” ЖАКтын топ-менеджерлери Алмазбек Абеков, Азамат Мурзалиев жана жеке компаниянын ээси Кенжебек Аман уулу боюнча ишти карап, буга чейинки Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Өкүмгө ылайык, компаниянын мурдагы гендиректору Азамат Мурзалиев үй-мүлкүн конфискация кылуу менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 12 жылга соттолду. Анын кеңешчиси Алмазбек Абеков үй-мүлкүн конфискациялоо менен тартиптеги абакка 25 жылга эркинен ажыратылды. “Новострой Сервис” компаниясынын башчысы Кенжебек Аман үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка соттолду.

“Альфа Телеком” ЖАК 2009-жылы июнь айында түзүлгөн. 2010-жылы Убактылуу өкмөт компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы мамлекетке анын 100% акциясы өткөн.

2011-жылы Улуттук коопсуздук кызматы компаниядагы коррупциялык иштердин бетин ачкан. Анын негизинде компаниянын генералдык директору Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана “Новострой Сервис” компаниясынын жетекчиси Кенжебек Аман уулу кармалган. Алар коррупциялык жолдорду колдонуп, мамлекетке 142 миллион сом зыян келтирген жана 6 миллион долларды компаниядан чыгарып кеткен деп айыпталышкан.

2016-жылы 28-ноябрда Бишкек шаардык соту айыпталуучуларга өкүм чыгарган. Жогорку Сот төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

XS
SM
MD
LG