Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары Вашингтондо жолугат


Рекс Тиллерсон (солдо) жана Сергей Лавров
Рекс Тиллерсон (солдо) жана Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 10-майда Вашингтондо жолугат. Мамлекеттик департамент 8-майда билдиргендей, эки дипломат Украина менен Сириядагы кырдаалды жана эки тараптуу маселелерди талкуулайт. Бул маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да расмий сайтында тастыктады.

Тиллерсон мамлекеттик катчы катары өткөн айда Москвага жасаган алгачкы сапарында орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан. Анда мамкатчы эки тарап мамиленин солгундашын токтотууга аракет кылышы керектигин белгилеген.

Тиллерсон 3-майда эки өлкөнүн президенттери башкы дипломаттарына Сирияда тынчтык келишимин ишке ашыруу маселесинде чогуу иштешип көрүү тапшырмасын бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG