Мындан үч жыл мурун жарандык коомдун айрым бөлүгү империалисттик-колониялдык саясаттын белгиси катары бул тасманы тагууга каршы чыкканда бийлик тандоо иретинде кызыл-сары түстөгү Кыргызстандын Жеңиш тасмасын киргизген. Бирок Жеңиш күнүнүн алдында Георгий тасмасы коомчулукта кеңири таралган белги катары кала берүүдө. Ошол эле кезде расмий бийлик муну талаштуу маселе катары карабайт.
Жеңиштин тасмасы
Соңку жылдары Кыргызстанда Жеңиштин урматына, майрамдын астында Георгий тасмасын тагуу салтка айланган көрүнүштөрдүн бирине айланды. Бирок 2015-жылы өкмөттүк комиссиянын чечими менен кызыл-сары түстөгү Кыргызстандын өзүнүн Жеңиш тасмасы киргизилген. Мына ошондон бери Жеңиш күнүндө аскерлер ошол тасманы тагынып, аянтка чыгышат.
Улуттук гвардиянын ардак кароол рота зардалынын орун басары, лейтенант Кутман Шеримбеков муну эрдик ээлерине карата сый-урмат деп эсептейт:
- Мурда 9-майдын астында Георгий тасмасын такчубуз. Кийинки жылдары Жеңиш күнүнө байланыштуу иш-чараларга чыкканда өзүбүздүн кызыл-сары түстөгү Жеңиш тасмасы менен чыга баштадык. Муну биздин муундун ата-бабалардын эрдигине урмат көрсөтүү деп эсептесек болот.
Бирок жарандар арасында мурдагыдай эле Георгий тасмасын тагуу адатка айланган. Сатыктан дагы жалаң мына ошол тасманы көрүүгө болот. Сатуучулардын бири Кундуз Отунчиева алармандардын суроо-талабы тууралуу мындай деди:
- Кызыл-сары түстөгү тасма эмне үчүн сатыкта жок экенин билбейм. Аларды мамлекеттик мекеме-уюмдарга эле таркатып жатышат го. Бизге болсо базардан дүңүнөн орому менен келип түшөт. Ошону өлчөп сатып алып, кайра майдалап, кыркып сатабыз. Муну эми кимдин ата-бабасы согушка барган болсо, ошолор эле сатып кетишет.
Империядан калган “мурас”
Жарандардын көпчүлүгү Георгий тасмасынын маанисин биле бербейт. Айрымдар муну Жеңиш күнү менен гана байланыштырып келген. Бишкек шаарынын тургуну Айым Токтокадырова бул боюнча мына буларга токтолду:
- Георгий тасмасы Орусия падышалыгынын белгиси экенин буга чейин билген эмес экем. Жеңиш майрамына карата адамдар тагынышарын көрүп жүрөм. Бирок анын маани-маңызын түшүнгөн деле эмесмин. Жеңиштин урматына деген эле белги болсо керек дечүмүн. Биздин ата-бабалар дагы согушка барып, Жеңиш үчүн өмүрүн берген. Анан мына ошолорду эскерип туруу үчүн эми биз өзүбүздүн кызыл-сары түстөгү тасманы тагынышыбыз керек го.
Георгий тасмасын орус империясынын колониалдык саясаты менен байланыштырган калктын катмары анын Кыргызстанда Жеңиштин символу катары колдонууга каршы чыккан. 2014-жылы бул акцияны уюштургандардын бири, коомдук активист Марат Мүсүралиев жарандарды андан баш тартууга үндөгөн:
- Украинанын чыгышында жикчилдер мына ушул Георгий тасмасын тагып жүргөнүн көрдүк. Кыргызстандыктар ошондой баскынчылыктын белигси болгон тасманы эмнеге тагышыбыз керек? Орусия падышачылыгы Орто Азия элдерин багындырган аскер кызматкерлерин ушундай Георгий тасмасы менен чиркелген орден-медалдар менен сыйлашкан экен. Кийин 1916-жылдагы кандуу козголоңду баскан орус аскерлерине дагы мына ошондой сыйлыктар тапшырылыптыр. Анан биз эмнеге аны тагынып жүрүшүбүз керек? Бул биздин чоң аталар катышкан Улуу Жеңиштин символу боло албайт.
Бийлик тандоону сунуштайт
Бирок кыргыз бийлиги башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгүдөй Георгий тасмасын тагууга расмий тыюу салган эмес. Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова туунун түспөлүндөй тасманы же Георгий тасмасын тагууга жарандарда эркин тандоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи:
- Бул маселе өкмөттүк комиссияда каралган. Биздин Кыргызстандын туусуна түспөлдөш кызыл-сары түстөгү тасманы чыгарганбыз. Биз ошону Жеңиштин тасмасы катары даярдап, майрам күнү жарандарга таратабыз. Ал Георгий тасмасы бирдей эле колдонула берет. Георгий тасмасын тагынууга бизде тыюу салынган эмес.
Георгий тасмасы талаш жаратууда
Георгий тасмасы талаш жаратууда
Жеңиш күнүнө утурлай таратылган Георгий тасмалары кыргыз коомчулугунда түркүн пикирге жем таштады.
Бирок айрым шаардыктар Георгий тасмасына альтернатива катары чыгарылган Кыргызстандын өзүнүн кызыл-сары түстөгү жеңиш тасмасын сатыктан таба алышкан эмес. Ошондуктан Георгий тасмасын сатып алганын айткан Чолпон Араева ал экөөнүн айырмасын түшүндүргөн деле эч ким жок экенине токтолду:
- Георгий тасмасы падышалык Орусияныкы. Аны Улуу Ата Мекендик согуштагы биздин аталардын жеңиши катары тагынып келебиз. Мунун маани-маңызына андан тереңирээк сүңгүп деле кирбедим. Бирок бул баары бир мен үчүн символ. Бирок эмне үчүн биздин улуттук деген тасманы таркатышпайт? Эмне үчүн биздин ишкерлер демөөрчүлүк кылып, сатып алып, аларды кайра элге таркатышпайт? Эмне үчүн? Анан калса булардын кандай айырмачылыгы бар?
"Бийлик тасма боюнча чечим кабыл алуусу керек"
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов соңку жылдары Жеңиш майрамын утурлай талаш пикир жаратып келаткан Георгий тасмасы жаатында кыргыз бийлиги бир чечимге келиши керектигин белгилейт. Бул маселеде активисттер парламентке сунуш киргизиши зарылдыгын "Азаттык" радиосуна берген маегинде айтты. Тарыхчы тасмага байланыштуу бийликтин кабыл алган чечими кыргыз-орус мамилесине кандай таасир этиши мүмкүндүгүн төмөнкүчө токтолду:
- Эки тараптуу мамилеге бул тасма анча деле таасир этпейт. Бирок Улуу Жеңишке шек келтирбөө боюнча расмий Москванын чакырыктары бар. Кыргыз бийлиги бул маселе коомчулукта терс пикир жаратып жатканын айтышы керек. Орусия "1916-жылдагы Улуу боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын өткөрбөй эле койгула, көңул бурбай эле койгула" дегенине карабай, кыргыз бийлиги элдин пикири менен эсептешип, аны белгиледи. Эгемендиктен бери Үркүнгө мемориалдык эстелик тургузулбай келди эле, ал да курулду. Орусиянын президенти ал эстеликке келип башын ийип, гүлчамбар койгонун кыргыз дипломатиясынын жеңиши десек болот. Ошондуктан, Георгий тасмасы жаатында да кеңешип, карама-каршылык чыкпагандай кылып маселени чечсе болот.
Кыяс Молдокасымов менен маекти бул жерден угуңуз:
Өзбекстанда, Казакстанда, Түркмөнстанда жана Тажикстанда падышалык Орусиянын баскынчылык саясатынын белгиси катары Георгий тасмасын тагууга тыюу салынган. Ошондой эле алардын айрымдары быйыл “Өлбөс полк” акциясын өткөрүү демилгесин дагы колдошкон эмес.