Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Тажикстанда спортчулардын Этика кодекси даярдалды


Парвиз Турсунов республиканын чемпионатынын жаңы сезонуна киргизилбей калган, 2011-жыл
Парвиз Турсунов республиканын чемпионатынын жаңы сезонуна киргизилбей калган, 2011-жыл

Тажикстанда Жаштар иштери, спорт жана туризм комитети биринчи жолу спортчулардын Этика кодексин иштеп чыкты. Кодекстин долбооруна ылайык, спортчулар чачын жана тырмагын өстүрбөшү керек. Узун сакал коюуга дагы тыюу салынат. Комитеттин өкүлү Сухроб Акбаршо “Азаттыктын” тажик кызматына кодекс тазалыкты жана гигиенаны сактоо максатында узун чач жана сакал аркылуу жугуштуу оорулар жукпаш үчүн жазылып чыкканын билдирген. Акборша Кодекс адистердин сунуштарын эске алуу менен кайра дагы толукталарын кошумчалады.

Сунушталып жаткан документте спортчулардын оюн учурунда ар кандай чагымчылдыкка барбашы керектиги белгиленген. Эрежени бузгандар спорттун бардык түрүнөн четтетилери эскертилген.

Буга чейин футбол талаасынан узун сакал койгон оюнчулар кезикчү. 2011-жылы “Хайр” футбол командасынын футболчусу Парвиз Турсунов сакалынын айынан республиканын чемпионатынын жаңы сезонуна кирбей калган. Бул тажик коомчулугунда резонанс жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG