Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Өзгөн: Аюу-Сайда көчкүдө калгандарды издөө токтотулду


Көчкүдө калгандарга окулган жаназа учуру.
Көчкүдө калгандарга окулган жаназа учуру.

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, көчкү басып калгандарды издөө иштери бүгүн саат 15.00дөн тарта туугандарынын макулдугу менен жана Кыргызстан Аалымдар кеңеши чыгарган фатвага ылайык токтотулду. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен да ырасташты.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз адамдын сөөгү табылган.

Аалымдар кеңеши 1-майда топурак алдында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган. Эртеси көчкү астында калган кишилердин жаназасы окулган. (NT)

XS
SM
MD
LG