Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

Былтыр кыргыз армиясында алты жоокер каза болгон


2016-жылы кыргыз армиясында кызмат өтөгөн алты жоокер каза болгон. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди. Аскерлердин өлүмү боюнча көп учурда “өз жанын кыйды” деген негизде кылмыш иши козголбой каларын белгилеген омбудсмен факты боюна ишти токтотпой тергөө сунушун айтты.

2015-жылы он жоокер, ага чейинки үч жылда 52 аскер каза тапкан.

Дээрлик бардык фактылар боюнча тергөө "алар өз жанын өзү кыйган" деген тыянак чыгарган. Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес жана уулдары зомбулуктун курмандыгы болгонун айтып келишет. (КЕ/UEz)

XS
SM
MD
LG