Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Оппозиция экономикадагы абалды талкуулоодо


Кыргызстандын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча берип жаткан экономикалык расмий көрсөткүчтөрү реалдуулуктан алыс. Мындай пикирин бүгүн Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасындагы жыйында Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова билдирди.

"Экономика: сандар жана реалдуулук" деген аталыштагы жыйынды бир катар саясий партия өкүлдөрү, оппозиционер саясатчылар уюштурду.

Ибраимова экономикалык өнүгүүнү мүнөздөгөн сандар реалдуу өсүштү камсыздоочу шарттар менен бекемделбегенин айтты. Ал азыркы бюджетти кедейчиликти тереңдете турган каржылык документ деп атап, жолдордун курулушуна Германия, АКШ жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн дагы көп чыгым кетип жатканын мисал келтирди. "Мамлекеттик каражатты туура эмес колдонуу коррупцияга жол берет, экономикадагы жетекчилер кесиптик даярдыгына эмес, башкаруучу чөйрөгө жакындыгы жана берилгендигине карата коюлуп жатат" деген да пикирин айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте отчет берип жатып 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганын, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген инвестиция 40% түзгөнүн, экспорттун көлөмү 5,1% көбөйгөнүн, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөнүн айтты.

Ошону менен катар Жээнбеков калктын өкмөткө ишеними 2015-жылга салыштырганда 5,8 баллга жогорулаганын белгиледи.

"Ак Кемеде" өтүп жаткан талкууну саясатчылар Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова, Камчыбек Ташиев уюштурду. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG