Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

ИИМ: Стив Свердловду тоноо аракети болгон


Адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кызматкери Стив Свердловго белгисиз бирөөлөр кол салган.

Бишкек ШИИБнин маалыматы боюнча, кол салуунун максаты тоноо болгон. Анда айтылгандай, 22-апрелге караган түнү саат 1:30 чамасында 20-25 жаштардагы үч киши АКШ жараны жашаган үйдүн короосунан ага кол салып, тоноого аракеттенишкен. Рейд жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери келип калып, тоноо аракети аягына чыкпай калган. Эки адам ошол жерден кармалган, бирөө издөөдө.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Стив Свердлов эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбор Азиядагы иликтөөчүсү. Уюм дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө адам укуктарынын бузулуусуна көзөмөл кылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG