Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Кореяда кыргыз жарандары эки жылга шарттуу соттолду


Түштүк Кореяда этникалык корейлерге тиешелүү визаны мыйзамсыз алган деген негиз менен кыргызстандык беш жаран соттолуп жатат. Үч кишинин иши боюнча Чханвон шаардык соту 19-апрелде чечим чыгарды.

Сеулдагы кыргыз консулу Нурзат Саякбек кызынын “Азаттыкка” айтымында, соттолгон кыргызстандыктар эки жылга шартуу кесилди. Иммиграциялык изоляторго жөнөтүлгөн кыргызстандыктар жакында депортация болот жана аларга Кореяга кайра кирүүгө тыюу салынат.

Кореяда соттолгон кыргызстандыктар этникалык корейлерге бериле турган "H-2" визасын алдоо жолу менен алганы аныкталган. Алар Кореяга 2015-жылы барган. Үч жарандан сырткары дагы экөө кармалып, алардын үстүнөн чечүүчү сот 26-апрелге белгиленген.

Ушул тапта Түштүк Кореяда этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө. Быйыл февралда Түштүк Кореяга кетүү максатында жыйырмадай адам аты-жөнүн корейче өзгөрткөнү ачыкка чыккан эле. (KE)

XS
SM
MD
LG