Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Парламент мародерчулук боюнча токтом кабыл алды


Жогорку Кеңеш 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алды.

Токтомду жыйынга катышкан 80 депутаттын баары бир добуштан колдоду. Анда "комиссиянын корутундусуна укуктук баа берүү Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарына тапшырылсын" деп жазылган. Иликтөөлөрдүн жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын маалыматын уга турганы айтылды.

Парламент депкомиссиянын корутундусун 19-апрелде талкуулап, токтомго добуш берүүнү кийинкиге калтырган эле.

12 депутаттан турган комиссия өткөн жылы октябрь айында түзүлгөн.

2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкан учурдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы быйыл 16-марттан тарта иликтей баштаган.

28-мартта УКМК Ата Мекен" партиясынан шайланган экс-депутат Райкан Төлөгөновду камакка алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюмдашкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG