Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:06

“Чек арасыз репортерлор” “Новая газетанын” коопсуздугуна тынчсызданууда


"Чек арасыз репортерлор" программасынын директору Дельфин Халганд, АКШ, 2015 год
"Чек арасыз репортерлор" программасынын директору Дельфин Халганд, АКШ, 2015 год

Эл аралык “Чек арасыз репортерлор” укук коргоо уюму Орусиядагы “Новая газетанын” кызматкерлеринин коопсуздугуна тынчсызданууда.

Маалыматка караганда, Чеченстанда кумсалар кодуланып, камалып жатканын жазгандан кийин аталган гезиттин журналисттерине чечен бийлиги тарабынан коркутуулар болгон. Коркутууга кабылгандардын арасында “Эхо Москвы” радиостанциясынын журналисттери дагы бар. “Чек арасыз репортерлор” Орусиянын бийлигин чечен президенти Рамзан Кадыровдун жазасыз калып жаткан режимине көңүл бурууга чакырган.

Мурдараак кабарлангандай, Чеченстандагы кумсалар кордолгону тууралуу маалымат гезитке чыккандан кийин Грозныйдагы борбордук мечитте жыйын болгон. Кадыровдун кеңешчиси Адам Шахидов “Новая газетаны” жалган маалымат тараткан деп айыптап, журналисттерин “биздин мекендин, биздин ишенимдин душмандары” деп атаган. Жыйын соңунда 24 диний жана коомдук ишмерлер беш пункттан турган резолюция кабыл алып, гезитте жазылган маалыматтар жалган экенин белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG