Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:56

АКШ-Мексика чегине дубал курууга 70 млрд. доллар кетет


Бул тууралуу АКШ конгрессинин Улуттук коопсуздук боюнча комитетиндеги демократ сенаторлордун жардамчылары түзгөн докладда айтылат. Алар дубал курууга кеткен каражатты эсептеп чыгып, 2940 чакырым үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап, ар бир америкалык 200 доллардан төлөөгө туура келерин айтышкан. Демократиялык партиянын эсеби боюнча, аны ремонттоо, тазалоо сыктуу иштерине жыл сайын 150 млн. доллар коротулат. Дубал курула турган жеке менчик жерлерди сатып алууга кыйла убакыт кетери белгиленген. АКШдагы Иммиграциялык жана бажы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө бюросу долбоордун суммасын эсептөөгө али эрте экенин жана көрсөтүлгөн баа толук ишенимдүү эмес экенин айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп 25-январда Мексика менен чек арасына дубал куруу боюнча жарлыкка кол койгон жана бул долбоор тез арада ишке аша турганын айткан. Анын айтымында, дубалдын бийиктиги 15 метр болот жана аны ага кеткен чыгымды Мексика өкмөтү төлөй турганын айткан.

Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето Трамптын администрациясы менен жакшы мамиледе иштешүү ниетин билдирип, бирок дубал үчүн акча төлөбөй турганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG