Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:50

Балыкчы-Корумду жолуна кошумча 1 миллиард сом бөлүнөт


Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

Балыкчы-Корумду жолуна кошумча 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Парламенттеги көпчүлүк коалицияда өкмөттүн 2016-жылкы отчетун баяндап жатып айтты. Бирок каражат булагы тууралуу маалымдаган жок.

Анын белгилешинче, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушуна былтыр 1,5 миллиард сом табылган, жакында эле 212 миллион сом бөлүнгөн.

- Бирок бул каражат республикалык бюджеттен алынбайт. Бюджетте акча жок, - деген Жээнбеков 1 миллиард сомду президент чет өлкөгө болгон сапарларынын биринде тапканын айтты.

Ысык-Көл боюндагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда башталган. Анын курулушу талаш-тартыш менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Азыр курулуш токтоп турат. Каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG