Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Түркия: азаптын торуна алданып түштүм


Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Түркияга иштейм деп келип кээ бир учурларда алданып калган мекендештерибиз соңку күндөрү көп кездешүүдө.

Кыргызстандан баргандар Түркияда көбүнесе карыларга кам көрүүчү же бала багуучу болуп эмгектенет. Иш берүүчүлөр ар кандай. Жалдап алган адамдын укугун сыйлагандар да, кодулап жүдөткөндөр да жок эмес.

Нургүлдүн окуясы

33 жаштагы Нургүл Кыргызстанда медайым болуп эмгектенчү экен. Күйөөсү Орусияга иштегени барып, башка үй-бүлө куруп кеткенин айтып отурду. Беш жаштагы кызын эжесине таштап төрт ай мурда Түркияга жумуш издеп келген. Тилекке каршы, үмүтү орундалбай, алданып калган. Нургүл баштан кечирген оор күндөрүн кагазга жазып келиптир.​

- Түркияга жаңы келгенде кыргыз көрсөм, аркасынан чуркап барып учурашчумун. Азыр шектенип, коркуп калдым. Анткени жердештеримдин айынан азапка кабылгам.

Мен алгач Анкарага келгем. Ал жактан жумуш табылбай кийин Анталияга сапар тарттым. Клара аттуу эже менен Кыргызстанда коңшу турчубуз. Ал мага бир түрктүн номурун берип, квартира, жумуш боюнча жардам көрсөтөрүн айтты. Айткан кишиге жолугуп, ал мени Анталиядагы кыргыздар жашаган квартирага алып келди. Он чактыдай кыз бар экен. Тааныштык, бул жакта балдарды же карыларды багып иштерин айтышты. Клара эже мага да жумуш таап бермей болду.

Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Эки күндөн кийин "Оорукчан, картаң киши бар ошону карап иштейсиңби, айлыгы 700 доллар" деди. Мен макул болдум. Бир айдан бери жумушум жок жүргөм, акчам да түгөнүп калган.

Мен бага турган элүү жаштагы киши экен. Үч бөлмөлүү квартиранын бир капшытын жаңсап көргөздү да жатып алды.

Кордуктун баары эртеси башталды. Мага кылбаганы калган жок. "Массаж жасайсың, мени менен жатасың, болбосом өлтүрөм" дегендерин чала-бучук түшүнгөндөй болдум. Эшикти бекитип ачкычын катып алчу. Телефонум менен паспортумду алып койду. Качып кетейин десем 6-кабаттан секире албайм.

Үч жума ичинде көрбөгөн кордугум калбады. Эптеп амалын таап качып чыгып баягы Клара эженин үйүнө келдим. Ал "паспортунду алып берем бирок азыр эмес. Анткени андан сен үчүн акы алып койгом",- деди.

Мен жок дегенде паспортумду алып бер деп догурунуп үйүнөн чыкпай койдум. Бара турган жерим да жок. Ал үйдө күндө майрам, күндө той. Түрктөр келет, ичишет. Күндө ызы-чуу.

Бир жумадан кийин Клара эже тигил түрк менин паспортум үчүн акча сурап жатканын айтты. Сага отелден жумуш таап берем бир айлыгынды мага бересиң деди. Айла жок макул болдум. Ошол эле түнү паспортумду колума карматты. Азыр үч ай болду айла жок иштеп жатам. Биринчи айлыгымды, 400 долларды Клара эже алды.

Түркияда азыр мендей болуп өз мекендешинен запкы көргөндөр көп. Жумуш таап берет деген ниет менен келип жыйынтыгында карызга батып алданып, сатылып кетишет.

Оору баккан оңой эмес

Махабат Жолбунова 48 жашта. Тогуз бир туугандын эң улуусу. Стамбулга келгенине 11 жыл болду. Анын он жылы Чакмакчылардын үй-бүлөсүндө өттү.

- Мен алгач сиңдиме жардам берейин деп келгем. Сиңдим жаңы эле балалуу болуп каралашар кишиси жок болчу. Ал тыңып калгандан кийин иш издеп, бул жактагы агенттиктерге телефон номурумду таштагам. Башында көп эле үйлөрдү жыйнадым. Бир жолу катуу чарчаганда эс-учумду жоготуп койдум. Азыркы иштеп жаткан үй-бүлөнүн догдур келини менен ошондо таанышкам. Ал мени улгайган кайната-кайненесинин жанына жардамчы кылып жумушка киргизген.

Мигрант келин ошентип альцгеймер менен ооруган аялды он жыл баккан. Байбиче былтыр дүйнөдөн өттү. Махабат азыр анын 91 жаштагы абышкасын карап жатат.

- Мен бул үй-бүлөдө жаңы иштей баштаганда экөөнүн тең дени-карды соо болчу. Үч-төрт айдан кийин эле кемпири ооруп калды. Мурда бейтап адамды багып көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Бул дартка чалдыккандар айтканын тез унутуп, жок жерден таарынып убара кылат экен. Ошол учурда психолог келини "Бул альцгеймер деген дарт. Сен баарына чыдап, укмаксан, билмексен болуп кой. Жүрөгүңө жакын кабыл алба" деп колдоо көрсөтүп кетчү. Ошол жылуу сөздөр эле мага жетиштүү болчу.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Күйөөсү менен ажырашып, Кыргызстанга мектеп жашындагы бир кыз, бир уулун таштап келген Махабаттын ошол кездеги максаты үй алуу болгон.

- Айлыгымдын баарын топтоп кызым мектепти бүтүп жатканда Бишкектен эки бөлмөлүү батир алдым. Уулум ошол үйдө жашап мектепте окуду. Кызым азыр Германияда. Университетти аяктап, эми магистратурага тапшырып жатат. Уулум Анкарада учак инженериясы факультетинин 2-курсунун студенти. Балам мектепти бүткөндөн кийин "үчөөбүз тең сыртта жүрөбүз" деп Бишкектеги үйүмдү сатып, ордуна Стамбулдан батир алып койгом. Аны ижарага берип, акчасын баламдын окуусуна, баскан-турганына жумшап жатабыз.

Махабат Жолбунова бош убактысында медициналык жардам берүү боюнча курстарга барып, сертификат алууга даярданып жүрөт.

- Тил билүү менен эле чектелбей колуңда сертификат же диплом болсо жакшы экен. Иш берген адам билимдүү жардамчы издейт экен да.

Мигранттар жалтак келет

Адвокат Угур Чөрекчи мигранттардын маселеси менен жакындан тааныш. Иштейм деп келип кордолгон чет өлкөлүк аялдарга бекер кызматын көрсөтүп келет. Ал Нургүлдүн окуясы боюнча төмөнкүдөй комментарий берди:

Негизи колунда паспорту бар ар бир чет өлкөлүк полицияга арыз бере алат. Түрк полициясы анын арызын кабыл алууга милдеттүү. Бирок көп учурда алар дагы бейрасмий жүргөн мигранттарга жардам берүүгө аракет кылбайт.
Угур Чөрекчи

- Түркияда чет өлкөлүк жарандар полицияга барып өзүнүн укугун коргоого батынбайт. Расмий эмес иштеп жүргөндөрү полицияны көргөндө жаа бою качат. Өзгөчө туристтик аймактарда мигранттардын саны көп болгондуктан иш бергендердин кордугуна чыдап эле жүрө беришет. Негизи колунда паспорту бар ар бир чет өлкөлүк полицияга арыз бере алат. Түрк полициясы анын арызын кабыл алууга милдеттүү. Бирок көп учурда алар дагы бейрасмий жүргөн мигранттарга жардам берүүгө аракет кылбайт. Тескерисинче, даттанган адамдын визасын сурап, убара кылышы мүмкүн. Ошондуктан мигранттар унчукпайт.

Түркиянын Ички иштер министрлиги бир жыл мурун зордук-зомбулукка кабылган жарандарга жардам катары 157 телефон номерин ишке киргизген. Андагы адистер алты тилде сүйлөп, муктаж адамга психологиялык жана чукул жардам беришет. Мекеменин адиси Толгахан Ажар көп учурда аялдар чаларын айтты:

- Биздин 157 номуруна чалган ар бир жаранга алты тилде жооп бере алабыз. Түркияда иштейм деп келип, сатылып кеткен чет өлкөлүк жарандарга да жардам беребиз. Күнөөлүүлөрдү табууга аракет кылабыз. Бизге чалгандардын номурунан анын кайсыл жерде турганын таап, полицияга билдиребиз. Эгер чынында эле жардамга муктаж абалда болсо сөзсүз ага жардам көрсөтүлөт.

Түркияда 14 миңден ашуун мигранттар жашап, эмгектенет. Ийгиликтүү иштеген мугалим, догдур, инженерлер менен катар үй кызматында, бала багуучу болгондор да бар. Ал эми туристтик аймактардагы кыргызстандыктар негизинен жай айларында сезондук жумуштарда иштейт. Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 90 күн визасыз жүрүү келишими түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG