Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Медведев Навальныйдын иликтөөсүн "сандырак" деп атады


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун анын кыймылсыз мүлктөрү жана кайрымдуулук фонддору менен байланыштары тууралуу иликтөөсүнө биринчи жолу комментарий берди.

Орус өкмөт башчысынын айтымында, иликтөөнүн артында элди көчөгө алып чыгуу, жеке керт баштын камын көрүү жана саясий максаттар бар. Медеведев иликтөөнү “сандырак” деп атады.

Медведев чагымдарга карабай, ишин уланта берерин айтты.

26-мартта Орусиянын бардык аймактарында, анын ичинен Москва жана Санкт-Петербургда жапырт түрдө антикоррупциялык митингдер өттү.

Орус президенти Владимир Путин бул митингдерди “араб жазы” менен “Евромайданга” салыштырды.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. Тасмада өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG