1-апрелде Каракол шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусунун окуу борборундагы 248 жаш жоокер аскердик ант берди. Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан чакырылган жаш жоокерлер Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгына келгендерине эки жума болгон. Бул жерде эки ай даярдыктан өткөн соң, алар бөлүктөргө кызмат кылууга жөнөтүлөт.