Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Рекс Тиллерсон Түркияга келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Түркияга келди.

Мамлекеттик департамент билдиргендей, Тиллерсондун 30-мартта өтчү президент Режеп Тайип Эрдоган жана башка жогорку даражадагы түрк аткаминерлери менен жолугушууларында Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы согушта “компаниянын жеңишке жетүү жолдору” талкууланат.

Анкара АКШ менен биргеликте Сириянын Ракка шаарын террордук уюмдан тазалоону көздөп келет.

Ошондой эле Түркия АКШнын колдоосуна ээ болгон Сириядагы күрт козголоңчуларынын операциядан четтетилишин каалайт.

Сүйлөшүүлөрдө АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен тууралуу да сөз козголору күтүлүүдө.

Анкара өткөн жылдын жай айларында болгон төңкөрүш аракетине бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди айыптап, АКШдан аны өткөрүп берүүнү талап кылууда. Гүлен айыптоолорду четке какса, Америка так далилдер керектигин түрк өкмөтүнө билдирген жайы бар.

XS
SM
MD
LG