Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш болду. Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталган жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен ылдый уланып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Иш-чарага парламент депутаттары, саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттер катышты.