Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Казак президенти 2010-жылы эмне үчүн чек ара жабылганын айтты


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак медиасынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, эмне себептен улам 2010-жылы апрель айынан кийин Кыргызстан менен чек араны жапканына түшүндүрмө берди.

Назарбаевдин айтуусунда, ал жылдары Кыргызстанда саясий туруксуздук катталып, президент өлкөдөн чыгарылып, ал аз келгенсип түрмөдө камакта отургандар да боштондукка чыгып кеткен.

- Бийлик алмашуу болуп, отурган президентти кулатып, ордунан кууп чыккан кезде түрмөдөн да кишилер бошоп кетти. Алардын бардыгы бизге карай кача баштаганда чек араны жаптык. Болочокто ушундай болсо дагы да жабабыз. Кайсы мамлекет чек арасын жаппайт? Түркия да жаап жатат. Кыргызстандагы абалдан ошол маалда Өзбекстан да, Тажикстан да чек арасын жапты. Андыктан бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, күнөө ошол жакта болгон жагдайда.

Нурсултан Назарбаев азыркы кыргыз бийлик жетекчилеринин 2010-жылдагы чек араны жабылышы боюнча айткан сөздөрүнө маани бербөө керектигин айтып, Кыргызстанда шайлоо жакындап келе жатканын, бул учурда ар кандай сөздөр айтыла берерин кошумчалады.

Ушул жылдын 17-февралында президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына берген маеги учурунда, 2010-жылы апрель ыңкылабынан соң, Казакстан бир жарым ай Кыргызстанга блокада кылып, окуядан адам курмандыктары да болгонун билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG